Бүгүн, 11-декабрда Москвада Евразия өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны өтөт. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кеңешинин сайтында айтылат.
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинине мүчө мамлекеттердин (Россия, Беларусь, Казакстан, Армения жана Кыргызстан) өкмөт башчылары транспорттук коридорлорду өнүктүрүү жана өнөр жай кооперациясы сыяктуу интеграциянын негизги маселелерин талкуулап, кийинки жыйындын датасын белгилешет.
Күн тартибинде макроэкономикалык кырдаалды кароо жана дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жалпы рыногун өнүктүрүү, ошондой эле биржалык соода сыяктуу биргелешкен программаларды ишке ашыруу маселелери да камтылган.


