Бүгүн Кыргызстандын негизги ашууларында күн ачык, кыймыл туруктуу. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек — Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда, Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда, Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун Долон ашуусунда, Боом капчыгайында жана Кызыл-Бел, Чар, Ак-Бейит ашууларында күн ачык, каттам бар.
Барскоон — Ак-Шыйрак унаа жолунун 62-65-чакырымына катуу жааган кардан улам кар көчкү жүрүп, каттам жабылды. Учурда № 3 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери жүрүп жатат.
Каракол — Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган. Азыркы учурда Чоң-Ашуу ашуусунда кар жаап, бороон болууда.
Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 441—537-чакырымына убактылуу чектөө киргизилген. Мындай чектөө Түз-Бел ашуусундагы аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө жана белгиленген аймакта бороон болгонуна байланыштуу.
Жол тейлөө кызматтары жолдордо кар тазалоо, тайгакка каршы инерттик материалдарды чачуу жана жол коопсуздугун камсыздоо боюнча иштер күнү-түнү тынымсыз жүргүзүлүүдө.


