Үй-бүлөлүк зомбулук: Бишкектик аял ЖОЖдун мугалимин кол салууга айыптады

11:05, 11 декабря 2025, Бишкек - 24-kg.com

Бишкектик Д.Ж. никеден бери күйөөсү тарабынан системалуу түрдө сабалып келген. Бул тууралуу ал 24-kg.com журналисттерине мындай деп билдирди.

«Мен мындан ары чыдай албайм. Мен балдарды гана кармап турам. Бизде экөө бар — улуусу 1,5 жашта, кичүүсү 2,5 айлык», — деди аял.

Ал милицияга арыз жазган.

Фото

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, бүгүн түнү 11-кичи райондо болгон үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери барганда 1988-жылы туулган Ж.Т. аттуу жаран аялына орой сөздөрдү айтып, кол көтөргөнү аныкталган.

Бул факты тешелүү каттоого алынып, ага карата «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси боюнча административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүлдү. Ал райондук башкармалыктын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ж.Т. аттуу жаран борбор калаадагы жогорку окуу жайлардын биринде мугалим болуп иштей турганы белгилүү болду.

Фото

Милиция үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарды, ошондой эле мындай учурлардын күбөлөрүн бул тууралуу жакынкы милиция кызматкерине же күнү-түнү иштеген 102 кыска номерине дароо билдирүүгө чакырат.