Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Лебединовка айылындагы пенопласт чыгаруучу ишкананын ишин экологиялык эрежелерди бузгандыгы үчүн токтотту.
Муниципалдык инспекция менен биргеликте жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, Фейсбук социалдык тармагында жарыяланган видеотасмалардын негизинде, Лебединовка айылында жайгашкан пенопласт өндүрүүчүсү «Барс Аю» ЖЧКсы экени аныкталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө ишканада чаң, газ тазалоочу орнотмонун жоктугу аныкталган. Бул экологиялык нормаларды жана коопсуздук талаптарын бузуу болуп саналгандыктан КР административдик укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 28 миң сом өлчөмүндө айып салынды.
Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында ишкананын ишмердүүлүгү чан газ тазалоочу жабдуу орнотулмайынча убактылуу токтотулду.


