Нарын: Түз-Бел ашуусунда жол кыймылы калыбына келди

12:19, 11 декабря 2025, Бишкек - 24-kg.com

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 506-508-чакырымдар аралыгындагы Түз-Бел ашуусу ачылып, каттам берилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта аймакты караган № 957 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, кеңейтүү, инерттик материалдарды чачуу иштери уланууда.

Белгилей кетсек, кечээ, 10-декабрь күнү Түз-Бел ашуусунда жол көрүнбөй, сааттап болгон катуу бороондон улам унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген.