20:13
USD 87.45
EUR 102.29
RUB 1.11

Келерки жылдан баштап ЖК депутаттары манжа издери менен катталып, добуш беришет

Жогорку Кеңеште 2026-жылдан баштап биометрикалык добуш берүү системасы киргизилет. Парламенттин регламентине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жаңы чакырылыштын депутаттары жыл башынан баштап манжа издери менен гана катталып, добуш бере башташат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда техникалык жактан камсыздалып, даярдык иштери жүрүүдө.

Мурда парламентте айрым депутаттар бири-бири үчүн добуш берген учурлар көп болгон жана коомчулуктун кеңири нааразычылыгын жараткан.

Биометрикага өтүү мындай мыйзам бузуулардын мүмкүнчүлүгүн толугу менен жок кылат жана Жогорку Кеңеште добуш берүүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылат деп күтүлүүдө.

Эске салсак, жаңы чакырылыштагы депутаттардын биринчи жыйыны 17-декабрда өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар