Камчыбек Ташиев Баткен районундагы Достук айылын текшерди

16:05, 12 декабря 2025, Бишкек - 24-kg.com

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен районундагы Достук айылына жумушчу сапар менен барды.

Иш сапарынын жүрүшүндө коопсуздук кызматынын башчысы мамлекеттин колдоосу менен курулуп, жарандарга берилген жаңы турак жайлардын сапатын текшерип, курулуш иштерин карап чыкты.

УКМК басма сөз кызматы. Камчыбек Ташиев Баткен районундагы Достук айылын текшерди
Иш сапарынын жүрүшүндө Камчыбек Ташиев жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, алардын күнүмдүк жашоо шарттары, социалдык абалы жана инфраструктуралык маселелер боюнча пикирлерин укту. Бул маселелер боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине конкреттүү тапшырмалар берилип, маселелерди тез арада чечүү зарылдыгы баса белгиленди.

Анда белгиленгендей, Достук айылы үчүн жалпы 57 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилген. Учурда тургундар толугу менен жаңы үйлөргө көчүп келип, жашоосун улантууда.

УКМК басма сөз кызматы. Камчыбек Ташиев Баткен районундагы Достук айылын текшерди
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын тактоо жана делимитациялоо процессинде айрым жарандардын үйлөрү алмашууга тийиш болгон аймактарга түшүп калганы белгиленет. Мамлекет бул маселени системалуу жана адилеттүү түрдө чечип, ар бир жабыркаган жаранга 10 сотых жер берип, аларга республикалык бюджеттин эсебинен жаңы үйлөрдү куруп берген.