Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда тогузунчу жолу өткөн «Мурас» футболдук турнири жыйынтыкталып, жеңүүчүлөрү аныкталды.
Кыргыз футбол биримдигинен маалымдашкандай, бул жылы турнирге ар кайсы мамлекеттик мекемелерден келген 16 команда катышты.
«Мурас» мелдешинин жыйынтыгы:
- I орун — «Аймактар» (400 миң сом);
- II орун — «Президенттин командасы» (300 миң сом);
- III орун — «Ден соолук» (200 миң сом);
- IV орун — «Ыйман» (100 миң сом).
Жеке номинациялар боюнча сыйлыктарга төмөнкү оюнчулар ээ болушту:
- мыкты оюнчу — Молдокулов Эрик («Ыйман»),
- мыкты чабуулчу — Турусбеков Нурлан («Ден соолук», 7 гол),
- мыкты дарбазачы — Алимов Нурбек («Аймактар»).
Жеке номинациялардын ар бир ээси 50 миң сомдон акчалай сыйлык алышты.


