Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман «Барселона» үчүн 10 миллиард евро сунуштоону карап жатат. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыкты.
El Chiringuito телеканалынын журналисти Франсуа Галлардонун айтымында, Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман «Барселона» үчүн сунуш киргизиши мүмкүн.
«Сонун жаңылык! Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман «Барселона» үчүн 10 миллиард евро сунуштоо алдында турат. «Барселонанын» 2,5 миллиард евродон ашык карызы бар, аны төлөө кыйын. Бир гана тоскоолдук — бул социалдык тармак, бирок... Байкап туруңуз», — деп жазган Галлардо.
Goal басылмасынын маалыматы боюнча, Сауд Арабиясынын Мамлекеттик инвестициялык фонду «Барселонанын» өзүнчө коммерциялык бөлүмүнө инвестиция салышы мүмкүн. Учурда клубдун 2,5 миллиард евро карызы бар.
2025/26-жылкы Ла Лига сезонунун 17 оюнунан кийин «Барселона» 43 упай менен турнирдик таблицада биринчи орунда турат. Ханс Дитер-Фликтин командасы кийинки беттешинде «Вильярреал» менен беттешет.


