Бишкектеги «Азиз» базарында өрт чыкты

10:44, 15 декабря 2025, Бишкек - 24-kg.com

Бишкекте Махатма Ганди көчөсүндө жайгашкан «Азиз» базарынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, базардагы контейнерден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

ӨКМнын басма сөз кызматы. Бишкектеги «Азиз» базарында өрт чыкты
Өрттү өчүрүүгө жалпы 6 күжүрмөн эсеп, штаб жана ыкчам топ тартылган. Жеринде өрттү толук өчүрүү иштери жүрүүдө.

Кошумча маалымат берилет.