Кыргызстанда бир жумада 259 мас айдоочу кармалды

11:21, 15 декабря 2025, Бишкек - 24-kg.com

8-декабрдан 14-декабрга чейин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери 19 миң 635 жол эрежесин бузуу фактысы аныкташты.

Маалыматка ылайык, 2984 унаа айып пул төлөөчү жайга токтотулган.

Анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок унаа башкаруу — 1 379;
  • мас абалында унаа башкаруу — 259;
  • унаанын терезесин мыйзамсыз караңгылатуу — 134;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежесин бузуу — 591;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежемин бузуу — 2 908;
  • авто ээнбаштык — 25;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу — 2 515;
  • жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу — 8;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 8 832;

Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 984 унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.