17:10, 15 декабря 2025, Бишкек - 24-kg.com
Эртең, 16-декабрга караган түнү Нарын облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 0...-5 күндүз +4...+9
Таласта түнкүсүн 0...-5 күндүз +4...+9
Баткен облусунда түнкүсүн −3...+2 күндүз +5...+10
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн −3...+2 күндүз +5...+10
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0...-5 күндүз 1...+6
Нарында түнкүсүн −9...-14 күндүз −3...+2
Бишкекте түнкүсүн −1...-3°, күндүз +6...+8° болот.