01:08
USD 87.45
EUR 102.79
RUB 1.10

Олимпиада −2026: Ырчы Мэрайя Кэри оюндарынын ачылыш аземинде ырдап чыгат

Америкалык ырчы Мэрайя Кэри 2026-жылы Италияда өтө турган Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде ырдап чыгат. Бул тууралуу уюштуруу комитети билдиргендигин чет элдик спорт басылмалар жазышууда.

«Мэрайя Кэри муундарды жана маданияттарды бириктирген уникалдуу үнү жана чыгармачылыгы менен дүйнө жүзү боюнча таанымал», — деп билдиришти уюштуруучулар.

Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинин негизги темасы «Гармония» болот деп кабарланууда. Азем төрт жерде өтөт: Миландагы Сан-Сиро стадиону, Кортина-д’Ампеццо, Ливиньо жана Предаццо. Бул оюндардын тарыхындагы биринчи жолу болуп жатат.

Ачылыш аземине билеттердин баасы 260 евродон 2000 еврого чейин сатылууда.

Олимпиада оюндары 2026-жылдын 6-февралынан 22-февралына чейин өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар