17:02
USD 87.45
EUR 102.59
RUB 1.10

Сокулук районундагы жөнгө салуучу бассейн мамлекетке кайтарылды

Сокулук районунда 43 миллион сомдук жөнгө салуучу бассейн мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сокулук райондук көзөмөл органы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн Арал айылындагы жалпы аянты 12,3 гектар болгон жөнгө салуучу бассейн 2005-2006-жылдары мурдагы Крупская айыл өкмөтү тарабынан мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өткөрүлүп берилгени аныкталган.

Прокурордук чаралардын натыйжасында мөөнөтсүз мамлекеттик акт жасалып, жалпы баасы 43 млн сомго деп бааланган жөнгө салуу бассейни толугу менен мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Эң көп окулган жаңылыктар