Ажылык −2026: Зыяратчылар менингит жана сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүшү керек

10:41, 17 декабря 2025, Бишкек - 24-kg.com

Фото Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы. Зыяратчылар менингит жана сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүшү керек
2026-жылдагы ажылыкка катышууга укуктуу жана сапарынын толук акысын төлөгөн талапкерлерге милдеттүү түрдө эмдөө талаптары эскертилди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан боюнча ажыларды эмдөөчү вакцинанын түрү, 4 компоненттүү менингитке каршы вакцина «ACYW 135» жана мезгилдик сасык тумоого каршы «Гриппол» эмдөө (вакцинация, иммунизация) өткөрүү мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 20-декабрынан 31- декабрына чейин өткөрүлөт.

Жарыяланган мөөнөт ичинде эмдөөдөн өтпөй калган ажыга баруучу талапкерлерге виза ачылбай тургандыгын кабарлап, белгиленген мөөнөт ичинде милдеттүү түрдө эмдөөдөн өтүүлөрү зарыл экендиги эскертилди.