Кыргыстандын Министрлер кабинети 2027-жылга чейин консолидацияланган бюджетти 1 триллион сомго жеткирүү максатын койду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик телеканалга берген маегинде билдирди.
Төраганын айтымында, консолидцияланган бюджеттин көлөмү 1 трлн 93,1 млрд сом деңгээлинде болжолдонууда.
«Республикалык бюджетке токтолсок, киреше бөлүгү баштапкыда 430 млрд сом деп белгиленсе, учурда бул көрсөткүч 605,5 млрд сомго жетүүдө. Ал эми ресурстарды кошкондо бюджет 585 млрд сомдон 939 млрд сомго чейин көбөйүүдө.
Буга чейин бюджет негизинен социалдык багытта болуп, анын дээрлик жарымы социалдык секторго багытталып келсе, бүгүнкү күндө аны толук кандуу өнүктүрүү бюджети деп айтууга негиз бар. Тактап айтканда, чыгашалардын 35 пайызга жакыны реалдуу секторду өнүктүрүүгө, 23 пайызы социалдык тармакка багытталууда. Ошондой эле 20 пайыздан ашыгы эмгек акы төлөөгө, 6 пайыздан ашыгы капиталдык чыгашаларга жумшалууда.
Кошумча табылган каражаттардын олуттуу бөлүгү капиталдаштырууга багытталууда. Мисалы, бүгүнкү күндө өлкөдөгү эң ири банкка айланган «Элдик банкка» 64 млрд сом капиталдаштырууга салынды. Мындан тышкары, капиталдык салымдарга 50 млрд сомдон ашык каражат багытталууда. Баштапкыда 10 млрд сом деп каралган каражат азыр 60 млрд сомго чейин көбөйтүлдү. Бул каражаттар негизинен инфраструктуралык жана социалдык долбоорлорду ишке ашырууга, анын ичинде мектептерди, ооруканаларды жана башка маанилүү объекттерди курууга жумшалууда.
Биздин негизги максат — кошумча акча каражатын кийин үзүрүн бере тургандай кылып максаттуу пайдалануу үчүн өнүктүрүүгө багыттап жатабыз», — деп белгиледи ал.


