12:38, 22 декабря 2025, Бишкек - 24-kg.com
Кыргызстандык ажылар 2026-жылдын 11-майынан тарта Сауд Араб Падышалыгына уча башташы мерчемделүүдө. Бул тууралуу ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы, Азирети Муфтийдин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев билдирди.
Анын айтымында, Сауд Араб Падышалыгы 2026-жылдагы ажылык үчүн быйылкы жылдагыдай эле 6060 квота бөлгөн. Алдыдагы ажылыктын айырмасы, медициналык талаптар күчөтүлдү жана курмандык чалуу баасы жалпы чыгымдардын сметасында камтылат.
Учурда ажылык иштери уланып, зыяратчылардын документтерин визага даярдоо процесси кызуу жүрүп жатат. Анткени Саудиянын ажылык министрлигине караштуу «Масар электроник» (Нусук) базасында визага мүмкүнчүлүк мөөнөтүнөн эрте берилет.
Айта кетсек, Бишкектен учкан ажылар Жиддага, ал эми Оштон учкандар Медина шаарына конмокчу.
Сауд Араб Падышалыгынын зыяратчыларга койгон медициналык талаптар кайсылар:
Уюштуруучулар келечектеги зыяратчыларды медициналык талаптарга кылдат көңүл буруп, зарыл болгон текшерүүлөрдөн өз убагында өтүүгө чакырышат.