Алдамчылар салык кызматынын атынан билдирүүлөрдү жөнөтүп жатышат

13:18, 22 декабря 2025, Бишкек - 24-kg.com

Мамлекеттик салык кызматы алдамчылыктын көбөйгөндүгүн билдирүүдө. Ведомствонун маалыматына караганда, белгисиз адамдар Салык кызматынын жетекчилигинин жана кызматкерлеринин атынан мессенджерлер аркылуу билдирүүлөрдү жөнөтүп, акча каражаттарын которууну талап кылууда.

Салык кызматы мессенджерлер же социалдык тармактар аркылуу акча которууну, ошондой эле салыкты ушундай жол менен төлөөнү талап кылбай тургандыгын эскертет.

"Келип түшкөн маалыматтарды текшерүүнү, ал эми анык эмес билдирүүлөр же алдамчылык аракеттери болгон учурда укук коргоо органдарына кайрылууну суранабыз", - деп айтылат маалыматта.