15:02, 22 декабря 2025, Бишкек - 24-kg.com
Кыргызстанда 15-21-декабрь жумасында курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун 22 192 учуру катталган. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти 24-kg.com маалымат агенттигине билдирди.
Адистердин айтымында, оорунун көрсөткүчү мурунку жумага салыштырмалуу 1,7 эсеге азайган, анда 37 600 учур катталган.
Бардык учурлардын 68,2 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзөт.
22-декабрга карата өлкө боюнча 44 мектеп онлайн окутууга өттү, анын ичинде жетиси Бишкекте, 37си Чүй облусунда.
Онлайн сабактарга өтүү боюнча чечимдер оорудан улам сабакка келбеген балдардын санына жараша жергиликтүү деңгээлде кабыл алынат.