16:09, 22 декабря 2025, Бишкек - 24-kg.com
Кыргыстандын Президенттин Иш башкармалыгынын бөлүмдөрүнүн кирешелери 2020-жылдан бери 30 эсеге өстү. Бул тууралуу анын жетекчиси Каныбек Туманбаев жыйынтыктоочу аппараттык жыйында билдирди.
Ведомстводон маалымдашкандай, 2020-2025-жылдар аралыгында ведомстволук уюмдардын кирешеси жыл сайын туруктуу өсүп келди.
Тактап айтканда:
Натыйжада 2025-жылга бекитилген 11 млрд сом өлчөмүндөгү пландык көрсөткүч ашыгы менен аткарылды.
Белгилей кетүүчү жагдай, бул жетишкендиктер президент Садыр Жапаров тарабынан коюлган тапшырмалардын жана саясий чечимдердин негизинде камсыздалды. Тактап айтканда, президент мамлекеттик башкарууда санариптештирүүнү кеңири киргизүү, ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча конкреттүү милдеттерди койгон.
Президенттин демилгеси жана туруктуу колдоосу менен бул багыттагы иштер ырааттуу ишке ашырылып, 2022-жылдан тартып киреше көрсөткүчтөрүнүн олуттуу өсүшү камсыздалды.
2025-жылдагы көрсөткүчтөргө Иш башкармалыктын карамагына жаңы өткөрүлгөн айрым уюмдардын, анын ичинде «Элкат» ЖЧКнын жана Автотранспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борборунун кирешелери киргизилген эмес.
Аталган уюмдар толук эсепке алынгандан кийин 2026-жылы кирешени 25 млрд сомго чейин жеткирүү милдети коюлууда.
Президент тарабынан аныкталган реформалардын алкагында:
Көрүлгөн чаралар ведомстволук уюмдардын ишинин натыйжалуулугун арттырып, мамлекеттик кирешелердин туруктуу өсүшүнө шарт түздү.