13:13, 23 декабря 2025, Бишкек - 24-kg.com
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Биринчи радиого берген маегинде Ысык-Ата районунда терини кайра иштетүүчү завод курула турганын билдирди.
Анын айтымында, район аймагындагы 100 гектар пайдаланылбай жаткан жеке менчик жер мамлекетке өткөрүлүп, министрликтин алдындагы «Агрохолдинг» мамлекеттик ишканасына берилди. Бул демилге Президенттин түз тапшырмасынын негизинде ишке ашырылууда.
«Учурда аталган аймакка канализация, суу жана электр энергиясы тартылды. Мындан ары жүн, тери жана мал чарбачылыгы менен алектенген ишкерлерге бул жерден өндүрүш аянттары ижарага берилет», — деди министр.
Ал эми тери иштетүүчү заводдун курулушу 1,5 жылдын ичинде аяктайт. Бул долбоор ишке ашса, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү кеңейип, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү арттырууга өбөлгө түзөт.