09:13, 24 декабря 2025, Бишкек - 24-kg.com
Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионатынын экинчи күнү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, турнир алкагында 60, 67, 77, 87 жана 130 кг чейинки салмак категориялары боюнча мелдештер өтүп, төмөнкү балбандар жеңүүчү аталды:
60 кг чейин:
Кубаныч Аринов — РСК;
Курманбек Жапаров — Ак-Илбирс«;
Нурмухаммет Абдуллаев — РС;
Нуристан Суеркулов — РС.
67 кг чейин:
Баяман Каримов — РСК;
Раззак Бейшекеев — РСК;
Мырзакадыр Кулмаматов — Жалал-Абад;
Саид Туратбек уулу — «Ак-Илбирс».
77 кг чейин:
Ильгиз Каныбеков — РСК;
Адилхан Нурланбеков — РС;
Бекзат Орункулуулу — РС;
Алибек Бердиев — «Тайманбас».
87 кг чейин:
Азат Салидинов — РС;
Артык Алымбек уулу — РС;
Адилет Кенжебеков — РС;
Бекоман Сонунбеков — РС.
130 кг чейин:
Самаган Ормонов — РС;
Нурболот Токтогонов — РСК;
Алишер Осконбаев — «Ак-Илбирс»;
Мурат Ботоев — РС.
Өлкө чемпионаты салттуу түрдө улуттук курама команданы түзүү жана эл аралык мелдештерге даярдоо үчүн балбандарды тандоонун негизги этабы болуп саналат.