04:07
USD 87.45
EUR 103.19
RUB 1.12

2026-жылы Кыргызстанда 36 жаңы мектеп курулат

Кыргыстан 2026-жылы 36 жаңы мектеп курат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн, 24-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Президенттин жарлыгына ылайык, Бишкекте 20, Ошто 10 жана Манас шаарында 6 жаңы мектеп курулат. «Оңдолуп, ишке киргизиле турган авариялык абалдагы мектептер бар. Белгилей кетүүчү нерсе, учурда мектеп окуучуларынын саны бир миллион 1534 окуучуну түзөт. Ички миграциядан улам көптөгөн үй-бүлөлөр борборго көчүп жатышат. Бир окуу сезонунда Бишкекте он беш мектеп курулган, дагы курулуп жатат, бирок алар дагы эле жетишсиз. Бул жаатта иштер жүрүп жатат», — деди Адылбек Касымалиев.

Ал мектептерди окуу китептери менен камсыз кылууга чоң басым жасалып жатканын кошумчалады. «Азыр биз өзүбүздүн окуу китептерибизди Учкундан басып чыгарабыз. Кыргыстан Республикасынын Президентинин көрсөтмөсүнө ылайык, биз ар бир окуучуну ноутбук менен камсыз кылууга аракет кылабыз», — деп белгиледи ал.

Эң көп окулган жаңылыктар