2025-жылы Кыргызстандагы спортту каржылоого 2,5 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн, 24-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.
Анын салыштырып айтканына караганда бул сумма 2020-жылы 800 миллион сомду түзгөн.
«Жыл ичинде машыктыруучулардын айлык акысын 30 пайызга көтөрүү чарасы ишке ашырылган. Бул дене тарбия жана спорт тармагындагы кадрларды колдоодогу маанилүү кадам болду», — деди Адылбек Касымалиев.
Ал спорттук инфраструктураны өнүктүрүү боюнча да активдүү иштер жүрүп жатканын билдирди. 5 миң көрүүчүгө ылайыкташтырылган, 1,3 миллиард сомго бааланган «Жаштык» чакан спорт аренасында курулуш иштери башталды.
51 миң көрүүчүгө ылайыкташтырылган «Бишкек Арена» футбол стадионунун курулушу жыл бою улантылды. Манас шаарында 5200 орундуу спорт аренасы курулуп, анын болжолдуу баасы 1 миллиард сомду түздү.
«Бул чаралардын баары спорт тармагын башкаруу системасын реформалоонун жана Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикти түзүүнүн алкагында ишке ашырылды. Бул өлкөдө массалык жана кесипкөй спортту өнүктүрүүгө системалуу мамиле кылууга мүмкүндүк берди», — деп кошумчалады төрага.


