15:03, 24 декабря 2025, Бишкек - 24-kg.com
Бүгүн, 24-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Каныбек Досмамбетовду саламаттык сактоо министринин кызматына дайындоого макулдук беришти.
Эл өкүлдөрүнө талапкерди президенттин жана өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды.
Жыйында Каныбек Досмамбетов өз кызматында саламаттыкты сактоо системасында реформаларды алга жылдырууну көздөп жатканын белгиледи.
Буга чейин, 23-декабрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Регламент боюнча комитети Каныбек Досмамбетовду саламаттык сактоо министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселесин карап, аны парламенттин кароосуна жөнөткөн.