19:22
USD 87.45
EUR 103.19
RUB 1.12

Президенттин атын жамынган алдамчылар жасалма «төлөмдөрдү» жөнөтүшүүдө

Социалдык тармактарда жана мессенжерлерде президенттин атынан жүргүзүлүп жатат делип, акчалай төлөмдөр убада кылынган сурамжылоолор тууралуу жалган маалыматтар жана шилтемелер таратылууда. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

«Мамлекет башчысы эч качан мындай билдирүүлөрдү жайылтпайт жана шектүү интернет-акциялар аркылуу акча таратпай турганын расмий түрдө билдиребиз. Бул кадимки эле алдамчылык.

Президенттин басма сөз кызматы
Фото Президенттин басма сөз кызматы

Бардык жарандарды өтө сак болууга чакырабыз: белгисиз шилтемелерди ачпаңыздар, алдамчыларга жеке маалыматтарды, банк карталарынын же телефондордун номерлерин бербеңиздер жана мамлекеттин атынан берилет делген жалган төлөмдөргө ишенбеңиздер.

Бул алдоо схемасы жөнүндө туугандарыңыздарга жана досторуңуздарга эскертиңиздер. Расмий билдирүүлөргө гана ишениңиздер!

Учурда бул факт боюнча укук коргоо органдары тиешелүү иштерди жүргүзүп жатышат», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар