07:45, 25 декабря 2025, Бишкек - 24-kg.com
Кыргыстандын 23 жашка чейинки футбол боюнча улуттук курама командасы жолдоштук беттеште Кытайга утулуп калды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Ажмандагы (БАЭ) оюн 1:0 эсебинде атаандашынын пайдасына аяктады.
Кытай менен дагы бир беттеш 29-декабрга белгиленген.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы 6-24-январь аралыгында Сауд Арабиясында өтө турган Азия Кубогуна даярдыгын улантууда.