20:24
USD 87.45
EUR 103.06
RUB 1.11

Бүгүн Бишкекте IV Элдик курултай башталат

Бүгүн, 25-декабрда Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында IV элдик курултай башталат. Президент Садыр Жапаровдун катышуусундагы курултай эки күнгө созулат.

Курултайдын ишине өлкөнүн бардык аймактарынан келген 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы, Министрлер кабинетинин төрагасы жана анын орун басарлары, министрликтердин массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышат.

Мамлекеттик телеканалдарда саат 10:00дөн тарта түз эфирде көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, быйылкы IV Элдик Курултай жаңы форматта башталды. Биринчи жолу, 24-декабрда, драма театрында делегаттар менен министрликтердин жана мекемелердин өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп, делегаттар жазуу түрүндө же тикелей суроо берип, жооп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Эң көп окулган жаңылыктар