11:55
USD 87.45
EUR 103.19
RUB 1.12

Камчыбек Ташиев: «Аялга кол көтөргөн ар бир адам аёсуз, катуу жаза алат»

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев өлкөнү дүрбөлөңгө салган үч баланын энесинин өлтүрүлүшү боюнча катуу билдирүү жасады.

УКМК басма сөз кызматы
Фото УКМК басма сөз кызматы. Аялга кол көтөргөн ар бир адам аёсуз, катуу жаза алат

Анын айтымында, каргашалуу окуяны «үй-бүлөлүк чыр-чатак», эмоциялар же мастык менен актоого болбойт.

"Кечээ бүтүндөй өлкө үч баланын энеси болгон аялдын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү тууралуу суук кабарды терең кайгыруу жана ичиркенүү менен кабыл алды.

Эркек катары, ата катары жана мамлекеттин өкүлү катары, мындай кылмышка эч кандай шылтоо жок жана болушу да мүмкүн эмес.

Адам башка бирөөнүн өмүрүн кыйып жатса, "үй-бүлөлүк чыр-чатак", "эмоция", "ичимдик" же "жеке жагдайлар" тууралуу айтылган сөздөр орунсуз. Аялга, өзгөчө — энеге кол салууну актоого болбойт. Бул жөн эле тиричиликтеги уруш эмес. Бул — киши өлтүрүү.

Мамлекет аялдарды жана балдарды өзгөчө коргоого милдеттүү жана коргойт. Аялга кол көтөргөн, ал тургай курал кезеген ар бир адам, жаза катаал жана кутулгус болорун билиши керек. Мындай учурларда мыйзам эч качан жеңилдик бербейт.

Бул факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат жана күнөөлүү адам мыйзам чегинде эң оор жаза алат. Бул — отчёт үчүн эмес, адилеттүүлүк жана жарандарыбыздын коопсуздугу үчүн жасалган принципиалдуу позиция.

Каза болгон келиндин балдарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Мамлекет зомбулуктун эмес, жабырлануучунун тарабында экенин белгилейм", - деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар