Ашуулардагы абал: Каттам бар, чектөө жок

10:14, 25 декабря 2025, Бишкек - 24-kg.com

Бүгүн, 25-декабрга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда жол ачык, каттам бар. Оор жүк ташуучу унааларга чектөө жок. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп жатышат.

Фото Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы. Ашуулардагы абал

Министрлик айдоочуларды тоолуу аймактарда жана ашууларда жүрүүдө этият болууга, жайкы дөңгөлөктөрдү алдын ала кышкы дөңгөлөктөргө алмаштырууга жана керектүү шаймандарды жана жабдууларды жаныңызда алып жүрүүгө чакырды.