Бүгүн, 25-декабрда борбор калаадагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында IV Элдик курултай өз ишин баштады.
Курултайда Президент Садыр Жапаров жана мамлекеттик катчы сөз сүйлөшү күтүлүүдө. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өкмөттүн акыркы жылдагы иши боюнча отчет берет.
Делегаттар шайланып келген аймагынын көйгөйлөрүн, сунуш-пикирлердин бийликке жеткирет. Ал эми мамлекеттик органдар аларды чечүү аракетин көрүшөт.
Белгилей кетсек, 2023-жылы кабыл алынган «Элдик курултай жөнүндө» конституциялык мыйзамга ылайык, курултайга жер-жерлерден шайланып келген 700 делегат катышат.
Бул жолу да курултайга 231 айыл аймактан жана 33 шаардан шайланган жалпы 700 делегат келди.
Курултай эки күнгө созулуп, эртең да уланат.


