Элдик курултайдын биринчи күнүндө болжол менен 150 делегат сөз сүйлөшү күтүлүүдө. Бул тууралуу жыйындын күн тартибинде белгилүү болду.
IV Элдик курултайдын Эсептөө комиссиясынын төрагасы болуп Жаныбек Баргыбаев шайланды.
Белгиленген протоколго ылайык, эсептөө комиссиясы 11 мүчөдөн турат.
Бүгүн делегаттар түшкү тыныгуу менен саат 19:00гө чейин иштей турганы айтылды. Жыйындар эртең, 26-декабрда уланат.
Андан тышкары, жыйында бир нече делегаттар бүгүн туулган күндөрүн белгилеп жатканы жарыяланды. Ысык-Көл облусунан келген Канат Керимовго, Жалал-Абад облусунан келген Арстанбек Султановго жана Баткен облусунун өкүлдөрү Азамат Турганбаев менен Арзымамат Умаровго куттуктоолор айтылды.


