Кыргызстандын ИДПсы реалдуу өсүшү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы үч өлкөгө кошулду

14:46, 25 декабря 2025, Бишкек - 24-kg.com

IV Элдик курултайда сөз сүйлөгөн президент Садыр Жапаров Эл аралык валюта фондунун маалыматтары боюнча, Кыргызстан 2024-жылы ИДПнын реалдуу өсүшү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы үч өлкөнүн катарына киргенин белгиледи.

Ал бул экономикалык саясаттын натыйжалуулугунун, улуттук стратегиянын негиздүүлүгүнүн жана элибиздин талыкпаган эмгегинин ачык далили экенин айтты.

«Соңку үч жылда ИДПнын орточо өсүү темпи 9,8 пайызды түздү. Быйыл да экономикалык активдүүлүк жогору бойдон сакталды. 2025-жылдын 11 айында ИДПнын реалдуу өсүшү 10,2 пайызга жетип, эң жогорку көрсөткүчкө көтөрүлдү. Эл аралык валюталык фонддун маалыматына ылайык, 2024-жылы Кыргызстан ИДПнын реалдуу өсүү темпи боюнча дүйнөдөгү алдынкы үч өлкөнүн катарына кирдик», — деп белгиледи

Эгерде 2020-жылы консолидацияланган бюджеттин көлөмү 247,7 млрд сом болсо, быйылкы көрсөткүч боюнча 1 триллион 93 млрд сомдун чегине жетти. Кыска тарыхый учур үчүн бул дээрлик төрт эселеген өсүш. Мындай динамикалык өсүш өлкөнүн каржылык негизинин бекемделип жатканын жана жүргүзүлгөн реформалардын тууралыгын көрсөтүүдө деп белгиледи

«Дүйнөдөгү белгилүү жана алдынкы рейтингдик агенттиктер тарабынан 2025-жылы Кыргызстандын суверендүү кредиттик рейтинги «Б+» деңгээлине көтөрүлдү, бул мамлекетибиздин эл аралык аброюн жана инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга жасалган чоң кадам болду», — деп кошумчалады президент