10:04, 26 декабря 2025, Бишкек - 24-kg.com
Бүгүн саат 09:00гө карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда жол ачык, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, оор жүк ташуучу унааларга чектөө жок.
Бишкек — Ош унаа жолунун Төө-Ашуу жана Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат. Аймакты караган Жол тейлөө ишканалары тарабынан тазалоо, кум-туз аралашмасын чачуу жумуштары аткарылууда.
Мындан тышкары, бардык унаа жолдорунда тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
«Тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган болсоңуз унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу менен керектүү шаймандарды ала жүрүүнү унутпаңыз», — деп айтылат маалыматта.