IV Элдик Курултай: Өлүм жазасын киргизүү сунушталды

11:07, 26 декабря 2025, Бишкек - 24-kg.com

Элдик Курултайдын экинчи күнүндө Бишкектен келген делегат Гаарба Орозматов Конституциялык Сот өлүм жазасын калыбына келтирүү чечимин кайра карап чыгышы керек деген пикирин билдирди.

«Мен мамлекетке олуттуу зыян келтирген жемкорлорго жана жаш балдар менен кыздарга ыдык, зордук-зомбулук көрсөткөндөргө өлүм жазасын киргизүүнү сунуштайт элем», — деди ал.

«Муну тиешелүү органдар так аныктап чыкса гана аткаруу зарыл. Анткени, «бөрк ал десе, баш алган» учур болуп кетпесин», — деп кошумчалады бишкектик делегат

Эскерте кетсек, 2025-жылдын 10-декабрында Конституциялык Сот президенттин сунушун карап чыгып, өлүм жазасын конституциялык түзөтүү аркылуу калыбына келтирүү Негизги Мыйзамга карама-каршы келет, кабыл алынгыс жана юридикалык жактан мүмкүн эмес деген тыянакка келген.

Президент Садыр Жапаров мурда балдарга жана аялдарга карата өзгөчө оор кылмыштар үчүн өлүм жазасын калыбына келтирүүнү сунуштаган. Буга 27-сентябрда уурдалып, зордукталган 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын өлтүрүлүшү себеп болгон. Бул трагедия коомчулуктун кеңири нааразычылыгын жараткан.