16:18
USD 87.45
EUR 103.06
RUB 1.11

Садыр Жапаров: «Кыргызстан 2035-жылга чейин тышкы карызын толугу менен кутулат»

Кыргызстан 2035-жылга чейин топтолгон тышкы карызын толугу менен төлөөнү пландап жатат. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров Элдик курултайда билдирди.

Мамлекет башчысы 2030-жылга чейин мамлекеттик карызды төлөө боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдү берди (АКШ доллары менен):

  • 2025 — 857 миллион;
  • 2026 — 1 миллиард 48 миллион;
  • 2027 — 1 миллиард 277 миллион;
  • 2028 — 1 миллиард 326 миллион;
  • 2029 — 1 миллиард 326 миллион;
  • 2030 — 1 миллиард 201 миллион.

«2030-жылдан баштап төлөмдөрдүн көлөмү азая баштайт жана 2035-жылга чейин биз акыркы 30 жылда топтолгон мамлекеттик карызды толугу менен төлөп бүтөбүз», — деди Садыр Жапаров.

Буга чейин президент Кыргызстан ресурстары болсо, тышкы карызын бир күндө да төлөй аларын, бирок бул учурдагы милдеттенмелер боюнча айып пулдар жана пайыздардан улам экономикалык жактан пайдасыз экенин белгилеген. Өлкө карызын график боюнча төлөөнү улантууда жана акыркы жылдары анын ИДПдагы үлүшү бир топ төмөндөдү.

Эң көп окулган жаңылыктар