Ашуулардагы абал айтылды: жол ачык, чектөө жок

10:06, 29 декабря 2025, Бишкек - 24-kg.com

Бүгүн, 29-декабрда саат 09:00гө карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда жол ачык, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, оор жүк ташуучу унааларга чектөө жок.

Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп жатышат.

«Тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган болсоңуз унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштыруу менен керектүү шаймандарды ала жүрүүнү унутпаңыз», — деп эскертет министрлик.