Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөндөрдүн аллеясында көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун 124 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, белгилүү тарыхчылар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, жогорку окуу жайлардын студенттери катышты.
Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев өз сөзүндө Жусуп Абдрахмановдун кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндөгү ролуна токтолуп, анын мамлекетчилдик идеяларын жана элге кызмат кылуу принциптерин муундан муунга өткөрүп берүү маанилүү экенин белгиледи.
КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Президент Садыр Нургожоевич Жапаровдун «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу тууралуу Жарлыгынын алкагында тарыхый мурастарды изилдөө иштери улантылып жатканын айтып, Жусуп Абдрахмановдун тарыхта калтырган изи өзгөчө изилденерин баса белгиледи. Ошондой эле Жусуп Абдрахманов мамлекеттик кызматты эл алдындагы жогорку жоопкерчилик катары түшүнгөн жана анын өмүр жолу азыркы жана келечектеги мамлекеттик кызматчылар үчүн үлгү болуп саналарын айтып өттү.
Министрлик тарабынан Жусуп Абдрахмановдун тарыхый мурасын кеңири жайылтуу максатында бир катар маданий жана кинодолбоорлор ишке ашырылууда. Анын ичинде Жусуп Абдрахмановдун 125 жылдыгына карата «Жусуп» аттуу көркөм кинотасма тартылууда, ошондой эле «Кара кыргыз» тарыхый сериалы көрүүчүлөргө сунушталды. Бул чыгармалар жаш муунга тарыхый аң-сезимди калыптандырууга багытталган.
Мындан тышкары, Президентке караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Калчакеева Айгул «Абдрахманов таануу» аттуу окуу курсу иштелип чыккандыгын маалымдалды.
Иш-чаранын алкагында Жусуп Абдрахмановдун монументине гүлчамбар коюлду.


