КРВИ жана сасык тумоонун көрсөткүчтөрү төмөндөп жатат

17:16, 29 декабря 2025, Бишкек - 24-kg.com

Кыргызстанда курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун көрсөткүчтөрү төмөндөп жатат. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Маалымататка ылайык, 22-декабрдан 28-декабрга чейинки жумада өлкөдө расмий түрдө курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун 15 043 учуру катталган.

Өткөн аптага салыштырмалуу оорунун көрсөткүчү 32,3 пайызга төмөндөгөн. Ал кезде 22 200 учур катталган.

Бардык учурлардын 72,8 пайызы 14 жашка чейинки балдар болгон.

Медицина кызматкерлери жарандарды алдын алуу чараларын сактоого, эл көп топтолгон жерлерден алыс болууга жана өз алдынча дарылануудан алыс болууга чакырышат. Анын ордуна, алар жергиликтүү клиникаларга тезинен медициналык жардамга кайрылышы керек.