30-декабрга карата аба ырайы

17:24, 29 декабря 2025, Бишкек - 24-kg.com

Эртең, 30-декабрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0 ... +5 күндүз 8 ... +13;

Талас жергесинде түнкүсүн +1 ... +3, күндүз +9 ... +11;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1 ... +3, күндүз +11 ... +13;

Нарын аймагында түнкүсүн −17 ... −19, күндүз −6 ... −8;

Бишкек шаарында түнкүсүн +3 ... +5, күндүз +11 ... +13.