Техникалык оңдоо иштерине байланыштуу 30-декабрда саат 13:00дөн 15:00гө чейин Чоң-Капка-Автожолу өткөрмө пункту жүргүнчүлөр жана унаалар үчүн жабык болот. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы билдирди.
Мекеме жарандардан кыргыз-казак чек арасынан жакын жердеги башка өткөрмө пункттары аркылуу өтүү үчүн алдын ала саякат маршруттарын пландаштырууну суранат.


