09:17, 30 декабря 2025, Бишкек - 24-kg.com
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шамалга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Ага ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен каттуу шамал катталышы күтүлөт.
ӨКМ жарандарга шамал учурунда коопсуз жайларда болууну эскертет.
«Кырсыкка кабылганда же күбөсү болсоңуз токтоосуз «112» да кызматына билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат», — деп айтылат маалыматта.