Чоң Чүй каналындагы кырсык: Үч кишинин өлүмү тастыкталды

12:52, 30 декабря 2025, Бишкек - 24-kg.com

Бишкек шаарында өлүмгө алып келген кырсык болду. Бул туууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Башкармалыктын басма сөз катчысы Назгүл Иманбаеванын айтымында, бүгүн саат 9:02де милицияга билдирүү келип түшкөн. Анда Ауэзов көчөсүндөгү Чоң Чүй каналына эки киши чөгүп кеткендиги кабарланган.

Окуя болгон жерге Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө тобу барган. Иликтөөнүн жыйынтыгында үч киши чөгүп кеткени аныкталган:

  • 1988-жылы туулган Ж.Ч.;
  • 1966-жылы туулган Ж.Т.;
  • 1963-жылы туулган Ж.Ж.

37 жаштагы кишинин сөөгү табылды. Калган эки жабырлануучуну издөө уланууда.

Свердлов райондук ички иштер бөлүмү окуяга байланыштуу бардык зарыл болгон соттук-медициналык жана башка экспертизалар жүргүзүлөрүн белгиледи. Кырсыкка байланыштуу жагдайлар иликтенүүдө.