Бүгүн Бишкекте автобустар түнкү экиге чейин каттайт

08:00, 31 декабря 2025, Бишкек - 24-kg.com

Жаңы жыл түнүндө Бишкектеги коомдук транспорттун иштөө убактысы узартылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жаңы жыл күнү коомдук транспорт түнкү саат 02:00 — 03:00гө чейин каттайт.

Каттамдарга жалпысынан 300дөн ашык автобус чыгат.

Бул чечим борбор калаанын тургундарынын жана конокторунун ыңгайлуулугун жана коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.