13:14
USD 87.42
EUR 102.87
RUB 1.12

Таласта УКМКнын каза болгон кызматкеринин үй-бүлөсүнө жардам берилди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен Талас шаарынын тургуну, маркум подполковник Б.М.О.нун жубайы Толгонай Керимбаевага материалдык жардам көрсөтүлдү.

Атайын кызматтан билдиришкендей, 5 баланы жалгыз тарбиялап жаткан энеге жана анын балдарына жаңы жылдык белектер тапшырылып, Талас облустук УКМК башкармалыгында сый тамак уюштурулду.

Белгилей кетсек, буга чейин Т. Керимбаеванын суранычы менен мамлекет тарабынан 3 бөлмөлүү батир берилип, учурда анын 4 баласына ай сайын атайын пенсия төлөнүп келет.

Мекеме кызматтык милдетин аткаруу учурунда каза болгон кызматкерлердин жакындары ар дайым мамлекеттин камкордугунда болорун баса белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар