11:43
USD 87.44
EUR 102.52
RUB 1.10

Иранда массалык нааразылык акциялары уланууда: Бир нече студент камакка алынды

Иранда төрт күндөн бери уланып жаткан нааразылык акцияларында алгачкы камоолор болду. Алар Тегеран университетинин төрт студенти экендигин жергиликтүү Shargh гезитине шилтеме берүү менен DW басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, студенттерди кармаган мекеме жана алардын азыркы жери белгисиз.

DW
Фото DW . Иранда массалык нааразылык акциялары уланууда

Университеттин имараты коопсуздук күчтөрү тарабынан курчоого алынганын университеттин Амир-Кабир гезити буга чейин жазган. Нааразылык акциясына чыккан студенттерди коопсуздук күчтөрү борбордук кампуста тосушту.

Эске салсак, Иранда нааразылык акциялары 28-декабрда Тегерандын башкы базарында башталып, анда алгач уюлдук телефон саткан, андан соң башка дүкөндөр өлкөдөгү экономикалык абалдын начарлашына нааразылык иретинде дүкөндөрүн жапты. Демонстрацияларга Тегерандын гана эмес, өлкөнүн башка ири шаарларынын тургундары да кошулду.

30-декабрда демонстранттар менен полициянын ортосунда биринчи кагылышуу болуп, коопсуздук күчтөрү демонстранттарды таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонгону тууралуу кабарлар чыккан. Ошондой эле нааразылык акциясы саясий өңүткө айланып, демонстранттар «Диктаторго өлүм», «Жашасын падыша» деген ураандар менен коштолгону белгиленди.

Ирандын президенти Масуд Пезешкян ошол эле күнү ички иштер министрине демонстранттар менен диалог жүргүзүүнү жана «алардын мыйзамдуу талаптарын угууну» тапшырганын жарыялады. Ошол эле учурда Ирандын коопсуздук кызматкерлери өлкөдө баш аламандыктарды чыгаруу үчүн «тышкы душмандар катышкан кутум» бар экенин айтып, жарандарды катышпоого чакырды.

Эң көп окулган жаңылыктар