17:56
USD 87.44
EUR 102.52
RUB 1.10

Улуттук стратегикалык демилгелер институтуна жаңы жетекчи дайындалды

Шумкарбек Адилбек уулу Улуттук стратегиялык демилгелер институтунун жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Мурда ушул орунду ээлеп келген Аяз Баетовго алгачкы алты айлык мөөнөткө Министрлер кабинетинин орун басары кызматы берилгендиктен, ал институттун директорлук милдеттеринен бошотулган.

Шумкарбек Адилбек уулу буга чейин институт директорунун орун басары болуп эмгектенген.

Президенттин басма сөз кызматы
Фото Президенттин басма сөз кызматы. Улуттук стратегикалык демилгелер институтуна жаңы директор дайындалды

Улуттук институт мамлекеттик башкаруунун системасында стратегиялык чечимдерге аналитикалык жана эксперттик колдоо көрсөтүүчү профилдик түзүм катары маанилүү ролду ойнойт.

Эң көп окулган жаңылыктар