13:22, 01 января 2026, Бишкек - 24-kg.com
Акыркы суткада Кыргызстанда 365 бала төрөлдү, анын ичинен төрт эгиз бала көз жарганын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында эки, Бишкек шаардык перинаталдык борбордо бир, Ош шаардык төрөт үйүндө бир эгиз наристе төрөлдү.
Ал эми 31-декабрда таңкы саат 8:00дөн 1-январга караган түнү саат 8:00гө чейин өлкө боюнча 177 эркек бала, 190 кыз төрөлүп, 9 жолу кесарево операциясы жасалган.
1-январга караган түнү саат 12:00дөн 12:10го чейин жалпысынан 11 ымыркай (беш кыз, алты эркек) жарык дүйнөгө келди. Ысык-Көлдө 2026-жылы биринчи ымыркай 3,915 килограмм салмакта (саат 12:00) кыз бала төрөлгөн.
Эң көп төрөт Жалал-Абад облусунда (81), Ош жана Ош облусунда (68) жана Бишкек шаарында (69) катталган.