14:05, 01 января 2026, Бишкек - 24-kg.com
Бүгүн, 1-январь республиканын бардык негизги ашууларында аба ырайы бүркөк, бирок жолдор ачык, жол кыймылына чектөө жок, каттамдар үзгүлтүксүз жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Жол тейлөө кызматкерлери тарабынан бардык унаа жолдордо жана ашууларда жол коопсуздугун камсыз кылуу иштери күн сайын жүргүзүлүүдө.
Министрлик айдоочуларды кышкы жол шарттарын эске алып, унааны кышка ылайык даярдап, кышкы дөңгөлөктөрдү колдонуп, жол кыймылынын эрежелерин так сактоону өтүнөт.