Көңүл буруңуз! Бишкекте үч автобустун каттамы убактылуу өзгөртүлдү

10:16, 02 января 2026, Бишкек - 24-kg.com

2026-жылдын 1-январынан баштап, Бишкектеги № 33, № 8 жана № 55 каттамдардын каттамы убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өзгөртүү Чыңгыз Айтматов проспектисинин Семетей көчөсүнөн А. Масалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылгандыгына байланыштуу болууда.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы. Бишкекте үч автобустун каттамы убактылуу өзгөртүлдү

«Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору! Убактылуу өзгөрүүлөргө түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды суранабыз», — деп айтылат маалыматта.